Куткаруучулар Казарман — Жалал-Абад жолунан 9 кишини аман алып калды. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Ашууда калган тогуз адамдын арасында аял жана жаш бала болгон. Куткаруучулар аларга түнкү саат үчтөрдө жеткен.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. ӨКМдин жыйырмага чукул кызматкерлери Казарман — Жалал-Абад жолунда кар калың жаагандыктан ашууда калган 9 адамды аман алып келишти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Министрлик окуянын видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Бир нече киши 22-октябрь күнү жолдо калган.
"Казарман — Жалал-Абад жолунун 87-91-чакырымында (Сары-Кыр ашуусу, Шаркыратма тилкеси) аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу эки КамАЗ мал жандыктары менен, бир жеңил автокөлүк тогуз адамы менен аша албай калган. ӨКМ кызматкерлери 23-октябрда түнкү саат 02:58де ал жерге жеткен", — деп айтылат маалыматта.
Ашууда калган тогуз кишинин арасында аял жана жаш бала болгон.
Куткаруучулар кабар келген аймакка 700 метр калганда техника бара албай, жөө чыгып, ашуудагыларды алып түшкөн.
ӨКМден куткарылгандардын абалы жакшы экендигин жана Жалал-Абад шаарына жеткирилгендигин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0