Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тавалдиева: медайымдардын иш функциясы кеңейтилет

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамдиректора по сестринскому делу Ленинского районного центра семейной медицины Нурзийнат Тавалдиева
Замдиректора по сестринскому делу Ленинского районного центра семейной медицины Нурзийнат Тавалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Ленин райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун медайымдык иштери боюнча орун басары Нурзийнат Тавалдиева "Дени сак адам — гүлдөп-өнүккөн өлкө" программасына ылайык, медайымдардын билим алуусу, иш учурундагы фунциялары кеңейтилерин айтты.

Медайымдардын ишинин деңгээлин жогорулатуу жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн жаңы функциялар, кесиптик стандарт жана медайымдардын компетенттүүлүгүнүн каталогу иштелип чыгып, бекитилди. Бул тууралуу Нурзийнат Тавалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Тавалдиева: медайымдардын иш функциясы кеңейтилет

Анын айтымында, мурда медайымдар дарыгердин жардамчысы гана болсо, эми ал өзү бейтаптарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүп, компетенциясына жараша диагноз кое алат.

"Учурда медайымдын функциялары тууралуу көз караш өзгөрдү. Эгерде мурда оорулууларга кам көрүүгө басым жасалган болсо, азыр медайым башка адистер менен бирге өзүнүн негизги милдетин аткарат. Андан тышкары, ооруга диагноз коюп, дары-дармек да жазып бере алат. Медициналык билим берүү системасы да олуттуу реформаларга дуушар болууда. Анткени бүгүнкү күндө билим берүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын милдети жогорку жана орто медициналык билимдүү адистердин санын көбөйтүү эмес, медициналык даярдыктын сапатын жакшыртуу жана өзгөрүп жаткан муктаждыктарга ылайык келүү болуп саналат. Андыктан практикалык бөлүктү жана окуу мөөнөтүн көбөйтүп, медайымдарга сапаттуу билим берүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Мындан тышкары, жогорудагы реформанын негизинде медайымдардын штаттык стандарты жана жүктөмүнүн нормасы 1000 адамга бир медайым деп белгиленген", — деди Тавалдиева.

Ал Кыргызстанда маянанын аздыгынан улам медайымдар жетишсиз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0