Кыргызстанда 1 миллиондон ашык адам коомдук уюмдарга мүчөлүк кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАял документтерди толтуруп жатат. Архив
Аял документтерди толтуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
2020-жылы Кыргызстандагы коомдук уюмдардын чыгымдары 10 миллиард сомдон ашты. Жумшалган каражаттын көпчүлүк бөлүгү демөөрчүлүк жана кайрымдуулукка кеткен.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жылдары коомдук уюмдардын саны көбөйүүдө. Тагыраак айтканда, 2020-жылы өлкө аймагында каттоого турган 22 миңге жакын коомдук уюм бар экени аныкталган. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, алар 2016-жылга салыштырмалуу дээрлик 15 пайызга көбөйгөн.

Бирок бардыгы активдүү иштебейт. Мисалы, өткөн жылы катталган уюмдардын 27 пайызы өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Бул уюмдарда иштеген кызматкерлердин саны 17 миңге жетип, ал эми мүчөлөрүнүн саны миллиондон ашкан.

"2020-жылы бул уюмдардын чыгымдары 10 миллиард сомдон ашты, бул 2016-жылга караганда 1,4 эсеге көп. Жумшалган каражаттын көпчүлүк бөлүгү (24,4 пайызы) демөөрчүлүк жана кайрымдуулукка кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Коомдук уюмдардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (жалпы санынын 34,2 пайызы), Ош жана Жалал-Абад облустарында (12,5 пайыз), ошондой эле Чүй облусунда (11,2 пайыз) иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0