https://sputnik.kg/20210607/mas-bolup-kelgen-chuj-oblustuk-sotu-1052754025.html
Күнүгө ичет экен... Жапаров зекиген Чүй облустук сотунун төрагасынын видеосу
Күнүгө ичет экен... Жапаров зекиген Чүй облустук сотунун төрагасынын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы соттор өздөрү оңолбосо мыйзамдарды алтын тамга менен жазса да реформа аягына чыкпай турганын белгиледи. 07.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-07T13:08+0600
2021-06-07T13:08+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
сот
мас
чүй облусу
https://sputnik.kg/img/103303/98/1033039895_0:195:3112:1954_1920x0_80_0_0_ba36678a63c645bb6b537ef752f8fad8.jpg
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып Чүй облустук сотунун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөттү.Кадрдан судья бутуна тура албай мас болуп, кабинетине келип эшигин ача албай жатканын көрүүгө болот. Ары-бери темтеңдеп жатып бир саамдан кийин иш бөлмөсүнө кирген.Видеону көрүп бүткөндөн кийин мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып "муну тааныйсызбы?" деп сурады. Ал Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турганын айтты.Ал эми Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакиров бул иш боюнча чара көрүлөрүн убадалады.Жогорку соттун расмий сайтында Чүй облустук сотунун төрагасы катары Дамирбек Оңолбеков көрсөтүлгөн.Белгилей кетсек, бүгүн президент башында турган жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси каралды.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103303/98/1033039895_0:91:3112:2048_1920x0_80_0_0_ad5d10d56fe8100a8364bd78dda5aacb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, сот, мас, чүй облусу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, сот, мас, чүй облусу
Күнүгө ичет экен... Жапаров зекиген Чүй облустук сотунун төрагасынын видеосу
13:08 07.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мамлекет башчы соттор өздөрү оңолбосо мыйзамдарды алтын тамга менен жазса да реформа аягына чыкпай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып Чүй облустук сотунун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөттү.
Кадрдан судья бутуна тура албай мас болуп, кабинетине келип эшигин ача албай жатканын көрүүгө болот. Ары-бери темтеңдеп жатып бир саамдан кийин иш бөлмөсүнө кирген.
Видеону көрүп бүткөндөн кийин мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып "муну тааныйсызбы?" деп сурады. Ал Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турганын айтты.
"Туура таптыңыз. Биз бир топ убакыттан бери мыйзамдарды, кодекстерди иштеп чыгып, реформа жүргүзөлү, сот системасына адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Анан мындай соттор өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок дагы реформаны аягына чыгара албайбыз. Бир облусту караган соттордун төрагасы күнүгө арак ичип, мас болуп келет экен. Күндө кабинетине ушинтип кирет экен. Анан ушундай соттор менен кантип реформа жүргүзөбүз. Ошондуктан, урматтуу Жогорку соттун төрайымы, тазаланыңыздар, бүгүн тез арада чакырып соттук кеңештин жыйынына салыңыз", — деди Жапаров.
Ал эми Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакиров бул иш боюнча чара көрүлөрүн убадалады.
Жогорку соттун расмий сайтында Чүй облустук сотунун төрагасы катары
Дамирбек Оңолбеков көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн президент башында турган жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси каралды.