Нефтетрейдерлер союзу: май айында бензиндин литри 3,5 сомго чейин кымбаттайт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүНефтьпродуктулары үчүн темир жол цистерналары. Архив
Нефтьпродуктулары үчүн темир жол цистерналары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер союзунун маалыматына ылайык, дүйнөдө жыл ичинде бензинге болгон баа 260 пайызга, башкача айтканда, үч эсеге өскөн.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстанда май айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 2,3-3,5 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Дизелдик отунга жана бензинге дүйнөлүк котировкалар өсүп жаткандыгы белгиленди. Жыл ичинде бензиндин наркы 260 пайызга, башкача айтканда, үч эсеге өскөн.
"Бүгүнкү күнгө карата мунай зат фьючерстеринин наркы баррелине болжол менен 69 долларды түзөт. Суроо-талап өсүп жатат. Айрым божомолдор боюнча, жакынкы мезгилде мунайдын баасы баррелине 75 доллардан ашып кетиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Нефтетрейдерлер уюму күйүүчү май боюнча Казакстан жана Россиядагы абалды да айтышты. Маалым болгондой, Россия өкмөтү май майрамдарынан кийин бензинди сыртка сатуу маселесин карайт. Күйүүчү майды ички рыноктогу бир катар маанилүү товарларга жумшамакчы.
Май куюучу жайдын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Мунай арзандаганда бензин эмнеге кымбаттайт. Адистин түшүндүрмөсү
"Азырынча тыюу ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөр үчүн гана киргизилет, бирок тыюу салууда Кыргызстанга келген күйүүчү майдын көлөмү чектелиши мүмкүн. Анткени мунайды кайра иштетүүчү заводдордон ташуу биринчи кезекте бааны туруктуу кармоо максатында Россия Федерациясынын ички рыногуна жүргүзүлөт", — деп белгилейт Нефтетрейдерлер союзу.
Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында бензиндин баасы төрт пайызга же эки сомго кымбаттаарын болжолдогон.
Жаңылыктар түрмөгү
0