Жапаров менен Путин "Жер-Үй" комбинатын кантип ишке киргизди. Видео

Жазылуу
Кечээ, 17-март күнү, Кыргызстанда "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасы ачылып, бул тарыхый окуялардын бири болуп калды.
Ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин күбө болду. Путин иш-чарага видеоконференция форматында катышты.
Эки өлкөнүн башчыларынан тышкары салтанатка "Альянс" компаниялар тобунун президенти Муса Бажаев катышып, лидерлердин уруксаты менен фабриканы расмий түрдө ишке киргизди.
Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2021
"Жер-Үйдүн" ачылышы: Путин менен Жапаровдун билдирүүсү
Тараптар алтын иштетүү комбинатынын биргеликте ачылышы Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын күчөтүп, өнөктөштүктүн жаңы баракчасынын ачылышына өбөлгө болорун билдиришти.
Көлөмү жагынан бул инвестиция Кыргызстан-Россия кызматташтыгынын тарыхындагы эң ири долбоор болуп эсептелип, суммасы 600 миллион долларга жетет. Кенден жылына беш тонна алтын өндүрүү пландалып жатат.
Ал эми миңден ашык кызмат орду түзүлчү бул ишкананын басымдуу бөлүгүндө кыргыз жарандары иштээри айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0