https://sputnik.kg/20210217/ysyk-koldo-kubattuu-gehs-kuruu-plandaluuda-1051490710.html
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Sputnik Кыргызстан
Бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда эле айткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын дагы... 17.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-17T14:53+0600
2021-02-17T14:53+0600
2021-12-15T22:50+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
ысык-көл
гэс
курулуш
чоробай акунов
https://sputnik.kg/img/104711/65/1047116521_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_ff844082dbaf2700a7e35bf01afc175d.jpg
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Ысык-Көлдө Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.Ал гидроэнергетика боюнча конгрессте сөз сүйлөдү.Бирок ал сүйлөшүүлөр ким менен кандай шартта жүргүзүлүп жаткандыгын так айткан жок.Эске салсак, бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда айткан. 2006-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталгандыгы айтылган. Аталган каскадда өндүрүлгөн электр энергиясы Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районуна жеткирилет деп болжолдонгон. 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды аталган долбоор менен иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын айткан.Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эң ири болуп Токтогул ГЭСи саналып, анын кубаттуулугу 1200 мегаваттка жетет.
https://sputnik.kg/20210126/krde-gehs-kuruuga-alyngan-licenziya-ehrezhe-1051228332.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104711/65/1047116521_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_fa6f7ef95334b5ae8be30a7263897921.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, ысык-көл, гэс, курулуш, чоробай акунов
жаңылыктар, кыргызстан, коом, ысык-көл, гэс, курулуш, чоробай акунов
Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
14:53 17.02.2021 (Жаңыртылды: 22:50 15.12.2021) Бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда эле айткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын дагы билдирген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Ысык-Көлдө Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.
Ал гидроэнергетика боюнча конгрессте сөз сүйлөдү.
"1100 мегаватт кубаттуулуктагы Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Акунов.
Бирок ал сүйлөшүүлөр ким менен кандай шартта жүргүзүлүп жаткандыгын так айткан жок.
Эске салсак, бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда айткан. 2006-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталгандыгы айтылган. Аталган каскадда өндүрүлгөн электр энергиясы Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районуна жеткирилет деп болжолдонгон. 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды аталган долбоор менен иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын айткан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эң ири болуп Токтогул ГЭСи саналып, анын кубаттуулугу 1200 мегаваттка жетет.