https://sputnik.kg/20210122/eaehbdegi-kujuuchu-majdyn-sapaty-1051190765.html
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов К5 классындагы күйүүчү майга салыштырмалуу К2нин зыяндуу заттарды бөлүп... 22.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-22T11:34+0600
2021-01-22T11:34+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
күйүүчү май
евразиялык экономикалык биримдик
атмосфера
https://sputnik.kg/img/07e5/01/16/1051190780_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_0a78365c89ee8284a5ac9800197acfdc.jpg
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган
Sputnik Кыргызстан
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган
ЕАЭБдин алкагында сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда атмосфераны булгаган сапатсыз майды көмүскө ташып келүү уланууда. Бул тууралуу Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда Европада сапаттуу күйүүчү майды колдонуу менен атмосферага күкүрттүн, азот оксидинин бөлүнүп чыгуусу 97-98 пайызга чейин кыскарган.Ошондой эле ал эски автоунааларга сапаттуу күйүүчү майды колдонуу натыйжа бербейт деген пикир жаңылыш экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/16/1051190780_209:0:2938:2047_1920x0_80_0_0_a73f5547775a63c5a06924f7baa470aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, күйүүчү май, евразиялык экономикалык биримдик, атмосфера
коом, күйүүчү май, евразиялык экономикалык биримдик, атмосфера
Эшатов: ЕАЭБде атмосфераны булгаган сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган
11:34 22.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов К5 классындагы күйүүчү майга салыштырмалуу К2нин зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу 50 эсе көп экендигин айтты.
ЕАЭБдин алкагында сапатсыз күйүүчү майды колдонууга тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда атмосфераны булгаган сапатсыз майды көмүскө ташып келүү уланууда. Бул тууралуу Канат Эшатов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Европада сапаттуу күйүүчү майды колдонуу менен атмосферага күкүрттүн, азот оксидинин бөлүнүп чыгуусу 97-98 пайызга чейин кыскарган.
"ЕАЭБдин алкагында сапатсыз майды колдонууга тыюу салынган. Кыргызстан дагы бул багыттагы тийиштүү документтерге 2015-жылы эле кол койгон. Бирок биздин бийлик учурунда экономикалык абалды эске алуу менен сапаттуу күйүүчү майды колдонууну убактылуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Ошондо 48 айга өткөөл мезгил берилген. Натыйжада 2019-жылдын 12-августунан тарта техникалык регламент күчүнө кирип, сапатсыз күйүүчү майды ташып келүүгө тыюу салынган. Ошого карабастан ыплас иш менен алектенгендер аткезчилик аркылуу сапатсыз күйүүчү майды дагы деле алып кирип жатышат. Анын атмосферага тийгизген терс таасири күчтүү. 1999-жылы класстык күйүүчү май чыкканда, евро 2 дегени пайда болгон. Ал май К2 деп айтылат. Муну колдонгон бир автоунаадан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар К5 классындагы май куюп жүргөн 50 автомобилдикине тете", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал эски автоунааларга сапаттуу күйүүчү майды колдонуу натыйжа бербейт деген пикир жаңылыш экенин кошумчалады.