БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн Тажикстандын Ходжаи айылында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин орун басарлары, эки тараптын чек ара кызматтарынын жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жолукту.
Ага катышкандар эки факты — КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскеринин жаракат алышы жана тажикстандык жарандын ок жеп каза болушу боюнча ар бир тарап өзүнчө тактап, иликтөө жүргүзүү чечимине келишти.
Андан сырткары коңшулардын ок жеп каза болгон тажикстандык жаран боюнча маалыматтары такталды.
Эске салсак, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.
Чек арадагы ок атуу: тажикстандык көз жумду деген маалымат такталып жатат
Бүгүнкү жолугушууда келип чыккан көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү жана мындан аркы чатактардын болушуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү зарылдыгы айтылды.
Тараптар андан сырткары чек арага жакын аймактарда жашагандарга түшүндүрүү иштерин улантмакчы.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп бааланды.