Россия ТИМинин алдындагы эл аралык институтка кабыл алуу башталды. Шарты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосква мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун имараты. Архив
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакалавриат жана магистратура программаларына кабыл алуу 12-июндан 10-июлга чейин жүрөт. Конкурстук тандоого КР жарандары гана катыша алат.

БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна кабыл алуу башталды. Бул тууралуу КРдин ТИМ маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бакалавриат жана магистратура программаларына кабыл алуу 12-июндан 10-июлга чейин жүрөт.

"Конкурстук тандоого кыргыз жарандары гана катыша алат. Абитуриент документтерин бир тармакка гана тапшырышы керек. МГИМОго Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москвага барганда орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Сынакка катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КРдин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академиянын сайтында www.dipacademy.kg жүргүзүлөрү кошумчаланды. Окууга өтүүнүн шарт-талабы да кененирээк сайтта көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0