БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова бүгүн өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Видеоконференция түрүндө өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Маалыматта Улуттук кеңештин Сузак районунун Бек-Абад айылындагы окуяга байланыштуу ыкчам чогулганы айтылат.
Исмаилова статистика боюнча бир ирет жасалган зомбулуктун 70 пайызы бир нече ирет кайталанганын белгилеген.
"Аялдардын социалдык-экономикалык алсыздыгы аларды тандоо укугунан ажыратат. Мамлекеттин милдети – аялдардын экономикалык өз алдынчалыгына колдоо көрсөтүү, билим берүү, саламаттыгын колдоо. Биздин мамлекет үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугунун корголушун камсыздайт", — деди Исмаилова.
Ал жакында эле Жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенин, ага ылайык үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөрүн белгиледи.
Кеңешмеде өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, укук коргоо орган жетекчилерине аялдарды жана балдарды зомбулуктан коргоо иштерин кынтыксыз аткаруу тапшырылды.
"Мындан тышкары, жыйында Сузак районунун жетекчилеринин ишти начар алып баруусу белгиленип, тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди", — деп айтылган маалыматта.
Өкмөт Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга убактылуу баш калкалоочу жай түзүлгөнүн эскертти. Ал жерде юридикалык кеңеш берилип, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эскертмелер чыгарылып, түз байланыштар (102,103, 111, 112, 117) иштейт.