Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бийбосунов: сентябрда Екатеринбургда Кыргыз-Россия бизнес форуму өтөт

© Фото / пресс-служба Генконсульства КР в ЕкатеринбургеГенеральный консул КР в Екатеринбурге Руслан Бийбосунов
Генеральный консул КР в Екатеринбурге Руслан Бийбосунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов эки мамлекеттин регионалдык форумунун кезектеги отуруму сентябрь айында Екатеринбург шаарында өтөрүн айтты.
Бийбосунов: сентябрда Екатеринбургда Кыргыз-Россия бизнес форуму өтөт

Кыргызстан менен Россиянын, анын ичинде Свердлов облусунун соода-сатык алакасы көп жылдардан бери кенен форматта жүрүп келет. Бул тууралуу Руслан Бийбосунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыркы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча аталган облус менен Кыргызстан ортосунда 100 миллион долларлык соода жүгүртүү катталган.

"Кыргызстан менен Россиянын бардык тармактар боюнча алакасы бекем. Анын ичинде айрым округдардын биздин өлкө менен болгон соода-сатык мамилеси жылдан-жылга жакшы көрсөткүчтөргө жетүүдө. Мисалы, былтыр Свердлов жана Челябинск облустарынын ар бири менен тогуз ай ичинде 100 миллион долларлык товар жүгүртүү болгон. Буга былтыр Кыргызстанда өткөн бизнес-форум да чоң салымын кошту. Жаралган абал турукташса белгиленген убагында аталган форумдун өтөрүн күтүп жатабыз", — деди Бийбосунов.

Консул аталган аймактар менен соода тармагын мындан да күчтөндүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0