БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Социалдык тармакта медициналык бет кап тагынууда жабыркаган кытайлык дарыгерлердин сүрөтү тарады.
Images show the cuts and dents on the faces of exhausted medical teams in Wuhan who often end up falling asleep on hospital chairs and floors #Coronavirus https://t.co/i4pgHTiS9w via @MailOnline
— Sophie Tanno (@tanno_s) February 5, 2020
The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, сүрөттөгүлөрдүн басымдуу бөлүгү вирус чыккан Ухань шаарынын ооруканасында иштеген медиктер.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, узак убакытка чейин бет кап тагынуудан врачтардын жүзүндө тилик, тактар калган.
Бул кадрлар соцтармакта талкуу жаратып, айрымдар аларды "чыныгы баатырлар" деп атоодо.
Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 66 492 миң. Анын ичинен 8096 киши сакайып, 1523ү көз жумду.
Коронавирус тууралуу
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.