Матмуратов: аэропорттор мамлекеттик башкарууда кала берет
Аэропорттор тышкы башкарууга кандай тартипте өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алгач өлкөдөгү 11 аэропорттун каржылык, экономикалык жана башка маселелери боюнча комплекстүү талдоо жасалат.
"Өткөн жылдын февралында өкмөттүн чечими менен жумушчу топ түзүлгөн. Азырынча бул долбоорду ишке ашыра турган компания менен кандай шартта макулдашуулар болору иликтенүүдө. Бул иштер жыйынтыкталганда эл аралык каржы корпорациясын тандоо күтүлүүдө. Ал бардык аэропортторду изилдеп талдап чыгып, кандай тартипте иш алып баруу боюнча сунуштарын берет. Андан кийин өкмөт бардык жагдайды эске алуу менен чечим кабыл алат. Себеби аэропорттор стратегиялык объект болгондуктан ал кандай тартипте иштесе дагы мамлекеттик башкарууда кала бериши шарт. Ошондуктан кылдаттык менен карап, мамлекеттик кызыкчылыктар эске алынып чечим чыгарылат", — деди Матмуратов.
Ошондой эле ал бул долбоор ишке ашса инфраструктурасы жакшырып, эл аралык стандарттарга жооп берген аэропортторго ээ болуу мүмкүнчүлүгү күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.