Эртең, 19-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тажикстандыктар менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дүйнөлүк чемпионаттын экинчи тандоо турунун алкагында өтөт.
Алдыдагы маанилүү оюнга карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз курама командасы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.
Кыргыз футболунун тарыхындагы ири жеңиш көптөрдүн эсинде. Тагыраагы, Мьянмага каршы оюн жакында эле өтүп, кыргызстандык футболчулар 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Өткөн жылдын апрель айында болсо Кыргызстан ушул эле уюмдун рейтинги боюнча 75-катарды ээлеген. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.
Салыштыруу үчүн: 2013-жылдын март айында "Ак-Шумкар" дүйнөлүк рейтингдин 201-сабына түшүп кеткен. Анткен менен ошол жылдын жыйынтыгы боюнча 147-позицияны ээлеген.
Улуттук курама командада эң көп ойногон оюнчу — "Дордой" клубунда тарбияланган Вадим Харченко. Ал бир нече ирет Кыргызстандын чемпиону аталып, эки жолу өлкөнүн мыкты футболчусу болгон.
Улуттук курама команданын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу — Антон Землянухин. Убагында ал республикадагы эң кымбат футболчу катары эсептелген.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 18 миң күйөрман батат. Акыркы жолку Япония менен болгон беттеште эл трибунага жык толгон. Бул оюндун сүрөт түрмөгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинен көрүңүздөр.