Жаштайынан эле киного кызыккан Талгат Нигматулин өзү көптөн бери эңсеп жүргөн популярдуулукка 1980-жылдан баштап гана жетише баштаган. Көбүнчө терс каармандардын образын жараткан актер чыныгы жашоосунда абдан жөнөкөй, ак көңүл жана шайыр болгонун айтышат. Эми гана жалпы журтка тааныла баштаган кезинде, 35 жашында кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги актер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Оор турмушта өткөн балалык. Талгат Нигматулин 1949-жылы 5-мартта ошол кездеги Ош облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген. Ошол эле учурда анын Ташкент шаарында төрөлгөндүгү, ал эми Кыргызстанга төрт жашында үй-бүлөсү менен бирге келгендиги тууралуу да маалыматтар бар. Болочоктогу актердун татар улутундагы атасы көмүр кенинде иштесе, өзбек кызы болгон апасы мектепте мугалим болгон. Актердун балалыгы кыйынчылыктар менен коштолот. Эки жашында шахтада иштеген атасы кырсыктап каза болот. Ал эми мектеп мүдүрү болгон апасынын айлыгы көп нерсеге жетпей, жакыр турмуш кечиришет. Оор абалга кептелген Талгат өспүрүм кезинен баштап эле ар кандай кара жумушта иштейт. Жашоонун оордугунан улам төрт бала менен кыйналган апасы кичинекей Талгатты убактылуу балдар үйүнө тапшырууга аргасыз болот.
Алсыз баладан чымыр денелүү жигитке айлануу. Нигматулин кичинекей кезинде ден соолугу начар, алсыз бала болуп чоңоёт. Жаш кезинде итий дартына чалдыгып, анын запкысын кийин да көп тартат. Бул оорудан улам бир буту ийри болгон. Актер өзү курактуулар менен жакшы тил табыша албай, эч кимге ачылбаган, тартынчаак экен. Көп учурда башкалардан таяк жеген бала өз денесин өзгөртүү үчүн болгон аракетин жумшай баштайт. Чымыр денелүү жигитке айланууга бел байлап, алгач бий жана жеңил атлетика, андан соң каратэ менен машыгат. Талыкпаган аракетинен улам мурдагы алсыз баладан из калбай, келишимдүү, күчтүү жигитке айланат. Актер кийин жогорку окуу жайды бүтүп, Ташкентте иштеп жаткан кезинде да спортту таштабай, каратэге күнүнө 6 саатын арначу. Спорттун бул жаатында Өзбекстандын биринчилигинде алтын медаль тагынып, СССРдин чемпионатында алтынчы орунду ээлеген жайы да бар. Окуучулук кезинде адамдарга аралашууну жактырбаган актер бош убактысын үйүндөгү китепканада өткөрө баштайт. Мындан улам чыгармачылыкка болгон кызыгуусу артып, адамдар менен мамилеси жакшырып, мурда такыр билбеген орус тилинде шар сүйлөгөндү үйрөнөт.
Жараткан ролдору. Талгат Нигматулин ВГИКти бүтүргөн соң Ташкентке келет. "Өзбекфильм" киностудиясынын эшигин аттап, алгач эпизоддук каармандарды ойнойт. Аны көпчүлүккө тааныткан ролу 1972-жылы чыккан Али Хамраевдин "Жетинчи ок" тасмасы болот. Фильмге кыргыздын чыгаан актерлору Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирге тартылат. Жагымдуу, келбеттүү жана таланттуу актерго убакыт өткөн сайын майда ролдордун артынан чоңдору да келе баштайт. "Сиявуш баянындагы" Тулан, "Атууга уруксаттагы" капитан, "Бөрү зындандагы" Самат жана "Том Сойер менен Гекльберри Финндин жоруктарындагы" Жо алардын бир бөлүгү гана. Нигматулин жалпысынан кыркка жакын киного тартылган.
"ХХ кылымдын каракчысы". Талгат Нигматулиндин актердук карьерасынын туу чокусу СССРдин алгачкы боевиги атыккан "ХХ кылымдын каракчылары" тасмасы болот. Биринчи жолу каратэ өнөрү көрсөтүлгөн советтик фильмде актер каракчы Салехтин ролун жаратат. Алгач катардагы эпизоддук ролго катышуу үчүн барган актердун чыгыш өнөрүн мыкты билгендиги режиссерго жагып, ага негизги терс каармандын ролун берет. Тасмага тартылуу үчүн катуу даярданган актер керек болсо каскадерсуз эле трюктардын баарын өзү аткарат. Бул образ ага болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келет. Балдар Талгаттай болууну самап, каратэ менен машыккандардын саны көбөйөт. Ал эми тасма 1980-жылы экранга чыгып, ошол эле жылы аны 90 миллионго жакын адам көрүп, кинотеатрлардын алды кезекке толот. 1990-жылга чейин жалпысынан 120 миллион киши көргөн "ХХ кылымдын каракчылары" СССРдин тарыхындагы эң көп каражат тапкан киного айланат.
Актердун эл билбеген дагы бир таланты. Жаштайынан эле чыгармачылыкка жакын болгон Талгат Нигматулиндин эл билбеген дагы бир таланты болгон. Ал аңгеме жана ыр жазчу. Ташкентте анын кээ бир чыгармалары чыгып, аңгемелер топтомунун басылуусу да пландалган. Белгилүү кинодраматург Одельша Агишев актердун эмгектерин окуп көрүп, анын бул жааттагы талантын баалап сценарист жана режиссерлукка окушун сунуштайт. Анын кеңеши менен Нигматулин СССР мамлекеттик киносунун алдындагы сценаристтик жана режиссердук курска тапшырып, аны 1978-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ошентип бала чагынан бери кыялы болгон кино тартууга дагы бир кадам жакындайт.
Катуу ур-токмоктон каза болгон. 1985-жылы Абай менен Мырзанын "руханий мектебинде" ажырым пайда болот. Вильнюс шаарында жашаган бир нече окуучусу секта менен мамилесин үзүүнү чечишет. Абай баш ийбеген окуучулары менен сүйлөшүүгө Талгат Нигматулинди Литвага чакырат. Ал актерго бөлүнүп кеткендерден акча талап кылууну жана аларды жазалоону буюрат. Бирок окуянын чоо-жайын уккан Талгат Нигматулин рэкетчилик кылуудан баш тартат. Буга жинденген сектанттар 10-февралдын түнүндө Вильнюс шаарындагы үйлөрдүн биринде актерду аёосуз тепкилешет. Ур-токмок 11-февраль түшкү убакытка чейин созулуп, качан гана ал жан бергенде токтойт. Каратэ боюнча кара курдун ээси болгон актердун кылмышкерлерге эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүнүн сыры азыркы убакка чейин чечиле элек. Актердун денесинен 119 жаракат табылат. Сот Абай Бөрүбаевди 14 жылга кесип, ал 1988-жылы оорудан улам түрмөдө өлгөн. 10 жылга кесилген Мырза Кымбатбаев жазасын өтөп бүтүп, 2006-жылы эркиндикке чыгат. Ал өмүрүнүн аягына чейин табыпчылык жана көз ачыктык менен алектенүүнү уланткан. Алган жараатынан улам таанылгыска айланган актердун денесин жубайы Венера өрттөөгө уруксат берет. Анын күлү Ташкент шаарындагы "Чилонзор Ата" мүрзөсүнө коюлган.