Өтүп кеткен айда өлкөдөгү соттор бош отурган жок, алар бир топ чуулгандуу иштерди карады. Sputnik Кыргызстан агенттиги мыкаачылык менен жасалып, төбө чачты тик тургузган сегиз окуяны сунуштайт.
Жигит сөрөйдүн кылыгы
Сот сүйгөн кызынын апасын мурду сынгыча сабаган жигитти шарттуу кести. Көрсө, баланын мас экенин көргөн кыз жолугуудан баш тартыптыр. Ал эми нааразы болуп чыккан апасы менен жигит алгач уруша кетип, ачууга алдырып улгайган аялды катуу сабап салат. Жабырлануучунун мурду сынып, денесинде көгала тактар калган.
Балдарын өзү багып келген эркек аялынын бычагынан көз жумган
Окуучу кызды зордуктап…
Жети жыл мурда 26 жаштагы жаран түн ортосунда мас болуп алып 15 жаштагы кыздын үйүнө кирген. Ал ашканадан бычак алып коркутуп, кызды зордуктаган. Өспүрүмгө андан кийин да бир нече жолу асылып, укук коргоочулардан изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал башка аймактарда дагы бир катар кылмыштарды жасап, кийин колго түшкөн. Эргул эми он жылдан ашык өмүрүн темир тор артында өткөрөт.
Үч баланы жетим кылып…
Күйөөсүн өлтүрө сабаган аял
Арактан башы чыкпаган үй ээси бүлөсүнө тынчтык бербей, аялы менен кыздарын чырылдатып сабай берчү. Ошондой күндөрдүн биринде күйөөсүнүн кылыгы жанына баткан келин аны эт чапкан балта менен бир нече ирет урган. Жатып калган масты ошол жерде калтырып төрт баласы менен уктап калат. Эркек кишинин өлүп калганы таң атканда гана билинет. Сот аялды сегиз жылга эркинен ажыратты.
Чагымчыл видеолорду тараткан
WhatsApp тайпасы аркылуу 30 жаштагы киши улут аралык жаңжал чыгарууга аракет кылып түрдүү видеолорду таратып, интернет колдонуучуларды мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн. Видеодо бир улуттун өкүлдөрү башка улуттагы балдарды сабап, бийлеткен. Шектүү элди тукурууга аракет жасаган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, төрт жылга соттолду.
Каргашалуу улак
Зөөкүр машыктыруучу
Үй ээси келинчегин туугандарыныкынан кеч келгени үчүн сабап койгон. Кикбокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген киши сот отурумунда аялын алакан менен бир жолу бетке чаап, жамбашка эле тепкенин айткан. Ал эми аялы жолдошунун эки жылдан бери сабап келгенин, бирок ага карабай үй-бүлөнү, балдарды сактап калуу үчүн чыдап келгенин жазган. Дарыгерлер жабырлануучунун баш мээси чайкалып, баштан жаракат алгандыгын аныктаган. Сот зөөкүр эркекти аялынын дарылануусу, адвокатынын кызматы жана моралдык зыян үчүн 200 миң сомдон ашык компенсация менен 35 миң сом айыпка жыкты.