БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев митингчилердин талаптарын укту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
Кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг болуп өттү. Акциянын катышуучулары "кытай экспансиясын" токтотуу жана айып пулдардын көлөмүн азайтууну талап кылышкан.
"Жарандардын талаптары премьер-министрге албетте жетти жана ал боюнча иштер алып барылат. Бирок өкмөт башаламандыкка же башка жарандардын укугунун бузулушуна жол бербейт. Буга ишенип коюңуздур", — деди маалымат катчы.
"Бирок митинг учурунда Кытай жарандарына турмушка чыккан кыздардын саны миң эсе көбөйтүлүп айтылды. Мындай туура эмес маалыматтарды таратууга жол берилбейт. Акцияга чыккандар жоопкерчиликти унутпаса", — деди Султаналиев.
Ал ошондой эле митингдин өтүшүнө эч ким жолтоо болбогонун, ал эми милиция өз ишин так аткарганын кошумчалады.