БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Бишкекте күндүн табы +3…+5, Ош шаарында +4…+6 градуска жетет.