БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрь, жекшембиде республика боюнча жаан жаашы күтүлөт. Тоолу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +2 +7, Ысык-Көлдө +8 +13 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында + 10 +15 градус жылуу болоору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында күн бүркөлүп, мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы Ошто +11 +13, борбор калаада жааган жамгыр карга айланып, +2 +7 градус жылуу болушу болжолдонот.