БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Чаткал районуна караштуу Чакмак-Суу айылында эски мектеп, азыркы бала бакча өрттөнүп кетти. Анын ичинде сакталган мектептин архивдик материалдары менен окуу китептери толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Чакмак-Суу" орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нургазы Рысалиев билдирди.
Анын айтымында, өрт 11-октябрга караган түнү саат 00.05дер чамасында чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча жалын электр зымдарынын тийишүүсүнөн улам тутанып кеткен.
"Бала бакча фин тибинде курулгандыктан заматта эч нерсеси калбай фундаментине чейин күйүп кетти. Жалпы жонунан 70 бала тарбияланып жаткан, 15-октябрдан тарта дагы 15 наристени кабыл алууну пландаганбыз. Бул имарат мурда мектеп болчу, 2016-жылы жаңы корпус курулгандыктан аны бала бакчага айландырганбыз. Мектептин архивдик материалдары, китепканасы, кампасы ушул жерде болгон. Баары күйүп кетип эч нерсе калган жок. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жалын күчөп кетип өчүрө алышпады. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө билдирүү жибергенбиз", — деди Рысалиев.
Ал ошондой эле окуучулардын баарына китеп берилип бүтпөгөндүктөн мындан ары окуу куралдарына муктаждык жарала турганын белгиледи.
Эми китеп маселеси кандай чечилери белгисиз.