Денис Тен 1993-жылы 13-июнда Казакстандын Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Корея империясынын генералы Мин Гын Хонун тукумунан экени белгилүү. Анын аты коңшу өлкөнүн эгемен тарыхында көркөм муз тебүү боюнча Олимпиададан медаль уткан спортчусу катары жазылып калды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги бейажал кеткен жаш өмүр тууралуу фактыларды сунуштайт.
Беделдүү мелдештерден уткан байгелери
Тенге 2013-жылы Казакстандын эмгек сиңирген спортчусу наамы ыйгарылган. Ошондой эле 2022-жылы Кышкы Олимпиада оюндарын Алматыда өткөрүү кампаниясынын расмий элчиси болгон.
Таланттуу адам бүт жагынан таланаттуу
Денис Тен бир гана көркөм муз тебүү менен чектелбей теннис, сууда сүзүү, акробатика, таэквондо, каратэ жана бий өнөрү менен алектенген. Мындан сырткары, сүрөт тартууга, музыкага жакын болчу. 2002-жылы Казакстандын хорунда ырдап Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы олимпиададан күмүш медаль алышкан. Ата-энеси ар тараптуу болууга үйрөтүп өзүн бардык жактан сыноого шарт түзүп берген. Эс тартып бир кесипти тандоо маалына келгенде Денис көркөм муз тебүү жагына кеткен. 2015-жылы ал фотограф болууга да кызыгып жатканын ачыктаган. Ал жөнөкөй адамдардан тарта белгилүү инсандарга чейин фотосессия жасачу. Алсак, андан казакстандык волейболчу Сабина Алтынбекова, актриса Айсулуу Азимбаева, Динара Бактыбаева, Алия Телебарисова, боксчу Серик Сапиевдер сүрөткө түшүп кеткен.
2014-жылы Казакстандын спорт жана туризм академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң казак-британ техникалык университетинин алдындагы бизнес мектебине магистратурага тапшырган.
Көркөм муз тебүүнүн кооздугун көрсөтүү кыялы
"Көркөм муз тебүүнүн кооздугун казакстандыктарга көрсөтүү үчүн бирдиктүү шоу-программа түзүп, аны бардык мекендештериме тартуулоону кыялданам", — деп Денис Астанадагы шоусунун аягында айткан.
"Денис жана достору" деп аталган акыркы шоусун Астананын 20 жылдыгына арнаган. Ал мүз үстүндө гана жылдыз болбостон режиссерлукту да аркалаган. Үсүтүбүздөгү жылдын июнь айында Россия, Франция, АКШ, Канада, Кытай жана Япониядан келген көркөм муз тебүү боюнча дүйнө жылдыздары менен бирге өнөрүн тартуулаган эле. Мындан сырткары, кайрымдуулук иштери менен алектенип жүрчү.
Жеке жашоосу
This was the moment of my life!:))) @Yunaaaa pic.twitter.com/5dHzJDPCiQ
— Denis Ten (@Tenis_Den) February 24, 2014
Спортчу жеке жашоосу тууралуу айтканды көп жактыра берчү эмес. Журналисттердин "качан үйлөнөсүз?" деген суроосуна "жакында" деп кыска гана жооп берип турган. 2014-жылы Олимпиада чемпиону аталган кореялык Ю На Ким аттуу кызга катуу ашык болгону айтылып жүрөт. Денис аны менен бир жуп болуп Сочи Олимпиадасында муз үстүнө чыккан болчу.
Акыркы жазган посту
Денис Тен акыркы жолу Instagram баракчасына 18-июлда сүрөт жүктөгөн. Астына "кыздар менен BurritoGo кафесине бардык. Мага жакты" деп жазган экен. Сүрөттөн блогер кыздар менен отурганын көрүүгө болот. Анын жанында Кыргызстандын Instagram жылдызы Элдана дагы бар.