Ош шаарынынын мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашев өзүнүн программасын тааныштыруу учурунда шаардык кеңештин бир катар депутаттары үргүлөп отурушкан.
Муну шайлоо учурунда тартылган сүрөттөн байкоого болот. Анда Сарыбашевдин алдында отурган алты депутаттын бешөө уйкуга кеткендей көрүнүп турат.
Бул шайлоодо Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин 45 депутаттын 44ү колдогон.
Ошто домофонсуз үй калбайт, мугалимдердин айлыгы көбөйөт. Жаңы мэрдин платформасы менен таанышып алыңыз.