БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 25-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бирдирмеге караганда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2° градуска түшөт. Бул жылуулукту сүйгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн кооптуу экени айтылды.
Чукул кырдаалдарды жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.