Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди Улуттук валютаны түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Карим Уразбаев менен окуучулардын жолугушуусуна чакырабыз.
Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында 10-майда саат 12:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Өлкөдө 10-май улуттук валютанын кабыл алынган күнү катары белгиленет. Карим Уразбаев окуучуларга Кыргызстандын банкнотасын түзүү муктаждыгы эмнеден улам келип чыкканын, ошондой эле сомду жүгүртүүгө чыгарууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берет.
Катышуучулар:
Карим УРАЗБАЕВ — Улуттук валютаны түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.