БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектеги Фрунзе көчөсү Осмонкуловдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери газ түтүктөрүн алмаштыруу максатында көчөнүн аталган аймагын 10-майдан 30-майга чейин жабат", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы газ түтүгү эски түтүктөргө жарыш орнотулат. Ремонт иштери жолдун бир тарабында болгондуктан, экинчи тарабы унаалар үчүн жабылбайт.