Окумуштуулар: күндүн бетинде так пайда болду

© AP Photo / David ZalubowskiКүн. Архив
Күн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн бетинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү жөнөкөй көз менен көрүү мүмкүн эмес.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Күндүн дал ортосунда так пайда болгонун Лебедев атындагы астрономия институтунун окумуштууларына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, ушул тапта күндүн дал ортосундагы азыраак бөлүгү өтө активдүү болуп турат. Илимпоздор мындай жерлерди "так" деп атап коюшат.

"Анын тегерегинде магниттик талаа күчтүү болгондуктан, майда жарылуулар болушу мүмкүн. Күндүн атмосферасында майда жарылуулардан бөлүнүп чыккан электромагниттик толкун тараганда жердин магниттик талаасында чыңалуу пайда болот", — деп жазылат макалада.

Бирок сөз болуп жаткан тактын үстүндө эч бир өзгөрүү байкала элек. Ошондой эле ал өзгөрүүсүз дагы бир нече күн турса, жерге эч бир зыяны тийбей туруп өзүнөн-өзү жок болуп кетери айтылды.

Баса, күндүн бетиндеги ушул сыяктуу өзгөрүүлөрдү жөнөкөй көз менен көрүү мүмкүн эмес. Окумуштуулар аны космостон тартылган кадрлар аркылуу карап турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0