БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын менен Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй менен Таласта 7…12 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 градус жылуу болот.
Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкек менен Ош шаарларында болсо 17..20 градуска чейин жылыйт.