БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ак үйдүн алдына "Ош" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлер менен Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатындагы "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөгөн деп камалган жарандардын жакындары митингге чыкты.
Нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер базарды кайра калыбына келтирүү, алган насыянын үстөгүн азайтуу талабын коюшту. Тилсиз жоодон жабыркаган он адам Жогорку Кеңештин төрагасынын кабыл алуусунда болуп, көйгөйлөрүн айткандыгы кабарланды.
Эске сала кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгогон. 5400 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлүп, сатуучулардын товарлары күйүп кеткен.
11-апрелде "Макмал" алтын комбинатынын алдына миңге жакын тургун чогулуп, кытайлык "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп жиберген.
Жалпы жонунан Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 200дөн ашык адам чогулган. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзмөлдөөдө.