БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунктулары 5-апрелден 8-апрелге дейре жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кытайда "Таза жарык" улуттук майрамы белгиленгендиктен коңшу өлкө ушундай демилге көтөргөн.
Транспорт жана жүргүнчүлөр 9-апрелден тарта өткөрүлүп баштайт.