БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында болгон үлпөт тойдо ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн, 3-апрелде, саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча 230дан ашканын КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек шаарында тамакка ууланып кайрылгандардын саны 198ге жетип, алардын 130дайы ооруканада. Ал эми аймактардагы 34 киши бейтапканада.
Буга чейин санэпидкөзөмөл борбору ресторан текшерүү аяктаганга чейин жабылганын билдирген.
Алдын ала маалымат боюнча келгендер тоок жана балык этинен ууланган. Ошондой эле тамактарды жасоо жана сактоо технологиясы бузулганы айтылууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы ашпозчуга 25 миң сом айып салынып, ресторан текшерүү бүткөнгө чейин жабылды.
Буга чейин шаардык милиция уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон эле.