Жумаканов: Бишкекте кооптуу делген гана бак-дарактар кыйылууда
Бишкекте кооптуулук жараткан гана бак-дарактар кыйылууда. Бул тууралуу Дамир Жумаканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди,
Анын айтымында, буга чейин Бишкекте 1 600 бак кыйылган.
"Өткөн жылдан баштап кыйылган дарактардын ордуна стандарттуу көчөттөрдү эмес, тамыры бат алчу бак-дарактар отургузулуп жатат", — деди Жумаканов.
Ал азыркы кезде Бишкек шаарына 2047 бак отургузулганын, ал эми жылдын аягына чейин 15 миңден ашык дарак отургузуу пландалып жаткандыгын кошумчалады.