Окуя 16-март күнү болгон. Тоо лыжа базасында асма жол иштебей калып, анда отургандар күү менен жерге кулаган.
Sputnik Грузия жарыялаган видеону тоо лыжа базасында эс алгандардын бири тартып алган. Андан асма жол иштен чыккандан кийинки алгачкы мүнөттөрдөгү көрүнүштү байкоого болот.
Окуянын кесепетинен сегиз адам жабыркаган. Алардын арасында кош бойлуу бир аял бар.