БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Эч кимди алдаган жокмун, которулган акчанын баары кызыма жумшалат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маршрутка сүзүп кеткен келиндин жолдошу Жыргал Чотонов билдирди.
Чотоновдун айтымында, бул билдирүүлөрдөн кийин айрымдар аны "алдамчы, аферист" атап коркутууга чейин барышкан.
"Телефон номерим бат эле тарап кеткендиктен айрым адамдар жардам беребиз деп чалып, бирдик жүктөп жатышты. Бирок арасында "сен элди алдап акча чогултуп жатасың, буга чейин да алдап жүрчүсүң да, аферист" деген жарандар да болбой койгон жок. Атургай коркутуп-үркүтүшкөндүктөн мен азыр жөө жүргөндөн да коркуп калдым. Өзүмдүн кайгым тоодой болуп турганда мен элди эмнеге алдамак элем?.. Кайрымдуу адамдар тарабынан чогулган каражаттын баары кызыма жумшалат", — деди маркум келиндин жолдошу.
Эске салсак, 9-февралда түшкү саат 12:00дө Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө ак түстөгү кичи автобус колунда кичине кызы бар келинди жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктан жолдун аркы өйүзүнө өтөм деп турганда катуу сүзгөн. Келин эсине келбеген бойдон жан берсе, дарыгерлер ооруканага жеткирилген эки жашар наристенин бутун кесүүгө аргасыз болушкан.