БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 29-декабрда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайы менен таанышып, пункттун жаңы имаратын пайдаланууга берүүнү тездетүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Исаков транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пунктуларынын иши менен таанышты.
"Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы тесттик режимде ишке киргизилгенин маалымады. Өкмөт башчы аталган тутумду өлкөнүн бардык чек ара бекеттерине киргизүү зарылдыгын белгиледи", —деп айтылат билдирүүдө.
"Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун имараты Кытай мамлекети тарабынан гранттык жардамдын негизинде курулуп жатат. Учурда бардык курулуш иштери жыйынтыкталган. Имаратта административдик бөлмөлөр, ашкана жана жатакана каралган.