БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарында Эл аралык ассоциациялар федерациясынын демилгеси менен өткөн чет элдик студенттер арасындагы сынактын кыска метраждуу тасма жаатында кыргызстандык студент Манасбек Максутов 1-орунду алды. Бул тууралуу Кыргызстан студенттеринин платформасы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Түркия — менин да өлкөм" деп аталган эл аралык сынакта студенттер ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу тасма тартуу жөндөмү боюнча күч сынашкан.
"Иш-чарага 203 өлкөнүн атынан жаштар катышты. Кыргызстандык студент Максутов тарткан "Түркия — биздин да өлкөбүз" аттуу кыска метраждуу тасмада Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер да баса белгиленген. Кыргызстан менен бирге бул номинацияда Буркина Фасо, Индонезия, Бангладеш, Сирия жана Азербайжандан келген студенттер да байгелүү орундарга ээ болушкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Максутовго сыйлыкты Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын башчысы Нежметтин Билал Эрдоган тапшырган.
Белгилей кетсек, Манасбек Максутов учурда Түркиянын Кайсери шаарында магистратурада окуп жатат.