БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Португалиянын курама командасынын жана мадриддик "Реал" клубунун футболчусу Криштиану Роналду Forbes журналынын версиясы боюнча эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесинде 12-орунда турат. Бул тууралуу аталган басылманын расмий сайты жарыялады.
Ал ушуну менен "Барселона" клубунун оюнчусу, аргентиналык Лионель Мессинин негизги атаандашы болуп калды. Месси 600 миллион доллар кирешеси менен 16-орунда турат.
Рейтинг боюнча биринчи орунда америкалык баскетболчу Майкл Жордан турат, анын кирешеси 1,85 миллиард доллар.
Алдыңкы ондукка төмөнкү спортчулар кирген:
2. Тайгер Вудс (АКШ, гольф) – 1,7 миллиард доллар;
3. Арнолд Палмер (АКШ, гольф) – 1,4 миллиард;
4. Джек Никлас (АКШ, гольф) – 1,2 миллиард;
5. Михаэль Шумахер (Германия, "Формула-1") – 1 миллиард;
6. Фил Микельсон (АКШ, гольф) – 800 миллион;
7. Кобе Брайант (АКШ, баскетбол) – 800 миллион;
8. Дэвид Бекхэм (Англия, футбол) – 800 миллион;
9. Флойд Мэйуэзер кичүүсү (АКШ, бокс) – 785 миллион;
10. Шакил О'Нил (АКШ, баскетбол) – 735 миллион;