БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Караколдо туулган жети жаштагы Албанали Алым уулу Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна тартылып келди. Аны бүгүн Россиянын Биринчи каналынан көрсөтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктүн атасы Алим Малдыбеков билдирди.
"Лучше всех" шоусунун "Вконтакте" тармагындагы баракчасына берүүнүн анонсу жарыяланган. Кыргызстандык жеткинчек жаныбарлар, куштар туурасында кызыктуу маалыматтарды айтып берген.
"Албаналинин өнөрүн видеого тартып "Лучше всех" долбооруна жибергенбиз. Алар биринчи кастингге чакырганда бара албай турганыбызды айттык. Мындан улам балабыз менен Skуpе аркылуу сүйлөшүп, андан соң эфирге чакырды. Ноябрдын башында Москвага барып тартылып келдик", — деди Малдыбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган долбоорго Кыргызстандан Брюс Линин ыкмаларын өзүндөй кылып туураган Нурмухаммед Ташмаматов жана бий өнөрү менен интернетти багындырган Нурпери Тургуналиева катышып келген.