БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ишембай Абдраимов атындагы кыргыз авиаколледжи институт болуп өзгөрдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим Кыргызстандагы авиациялык мекемелерге авиация боюнча жогорку билимдүү адистер муктаж болуп жаткандыктан кабыл алынган.
Эми институтта жогорку жана орто кесиптик билим берилип, негизги басым ата мекендик авиамекемелердин тапшырыгы менен адистер даярдалат. Ошондой эле келечекте чет элдик компаниялар үчүн да адистерди тарбиялоо планда каралган.