ЖАЛАЛ-АБАД, 4-дек. Sputnik. Сузак районунда белгисиз айдоочу эркек кишини койдуруп кетип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун Сузак районунун Таран-Базар айылынын 41 жаштагы тургуну экени аныкталды.
"Окуя 3-декабрда кечки саат 20:30дар чамасында Жалал-Абад — Казарман жолунун 38-чакырымында катталган. Белгисиз унаанын айдоочусун колго түшүрүү максатында Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана Сузак РИИБдин ыкчам-тергөө тобу кырсык болгон жерди текшерип, схемалар, фото-таблицалар түзүлдү. Шектүү катары Сузак районунун 27 жаштагы тургуну Жерге-Тал айылында колго түшүрүлдү. Ал өзүнө таандык Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, айдоочу кырсык маалында мас абалында болгон.