Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Надырбек Шейшенов жылда Казакстандын Кара-Жырасынан чыккан көмүрүн алчу. Быйыл болсо көмүр аз кирип жаткандыктан, ортомчулар кымбат сатып жатканын айтып нааразы болду.
"Жыл сайын жакшы күйөт деп ушул Кара-Жыранын көмүрүн алам. Эми кыргыз-казак чек арасына байланыштуубу, айтор, бизге көмүр аз-аздан келип аны ортомчулар ала калып, 5000 сомдон өйдө сатышууда. Ошондуктан бул отун базага бүгүн-эртең көмүр келет дегенинен өзүм келип кезек күтүп турам", — деди пенсионер.
Көп жылдан бери көмүр сатып иштеген Кубанычбек Токтогалиев үстүнө аз эле акча кошорун айтып, баанын кымбатташынын себебин Казакстандан көмүр аз келип жатканы менен түшүндүрдү.
Ал эми "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалыматына ылайык, калаада Кара-Кеченин көмүрү жетиштүү. Бирок Казакстандын көмүрү бир аз кармалып калгандыктан алып сатарлар бааны дароо көтөрүп жиберишкен.
"Күнүнө "Кара-Кече" көмүр кенинен 5-6 миң тонна көмүр шаардагы отун базаларга түшүрүлүп жатат. Эми казак көмүрү да келе баштады, мындан улам кара алтындын баасы кайра өз нугуна түшө баштайт", — деп ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.
Казак көмүрү эмне себептен келбей жатты?
Бишкек шаарынын Ленин районунун турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси Жоомарт Токтосуновдун айтымында, казак көмүрү өткөн жумадан тарта кайра келе баштаган.
"Өткөн жума Шабыркүлдүн көмүрүнөн 600 тонна түшүрүлүп, кезек күткөн эл бир күндө эле алып кетти. Буга чейин келбей жаткандыгынын себеби чек арага байланыштуу эмес, болгону көмүр өздөрүнө да жетишпей, вагон толбой жатыптыр. Бул жумада дагы көмүр келиши күтүлүүдө", — деди Токтосунов.
"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, быйыл ТЭЦге Казакстандан 450 миң тонна көмүр алып келинет. Бул боюнча казак тарап менен келишим түзүлгөн.
Эске салсак, өткөн аптада Экономика министрлиги "КР аймагындагы көмүр баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу боюнча" токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, элге жеткиче асмандап кетип жаткан көмүрдүн чекене баасын өкмөт 90 күн бою көзөмөлдөп турат. Токтом долбоорун министрликтер карап чыгып, өкмөткө жөнөтүү алдында турганын аталган министрликтен билдиришти.