БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 10-ноябрда илим күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Исаков "Жаңы доорго кырк кадам" программасында илим өзүнчө багыт катары каралганын, анын негизги максаты ата мекендик илимди эл аралык деңгээлге көтөрүү экенин белгиледи.
"Өкмөттүн программасынын "Из калтыруучу илим" бөлүмү илимдин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган. "Таза коом" улуттук программасынын ишке ашуусу дагы ата мекендик илимдин өнүгүүсүнөн көз каранды", — деди Исаков.
Премьер-министр кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрү өлкөнүн экономика жана социалдык тармагында колдонулушу керектигин кошумчалаган. Ал ошондой эле илимпоздорду майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.