БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.
Рейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган. Кайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан. Алар Түптүн Ак-Булуң айылынын жашоочулары болгон.
"Кармалгандардын балык уулоого уруксат берилген документтери жок болуп чыкты", — деди Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл облусундагы экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси.
Үч күндүк рейддин алкагында 8 чакырымдык балык уулоочу тор жок кылынып, жети браконьер кармалган. Аларга административдик кодекстин 149-беренеси боюнча айып пул салынат. Бул боюнча сот жакынкы күндөрү өтөт.
Ошондой эле мындай рейддер тынбай жүргүзүлө турганы айтылат.