Жамгырчиев: ыр жазган кыздарыма жетпей калганыма сүйүнөм
Жаш акындардын сап башында турган Бердибек Жамгырчиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте ыр жазган кыздарына жетпей калганына сүйүнө тургандыгын айтты.
Акындын пикиринде, жетпей калган сүйүү барктуу бойдон калат.
"Сүйүүгө жетпей калган деле жакшы, сезим ошонусу менен барктуу дейт. Күнүмдүк жашоодогу көйгөйлөр баары бир сүйүүңдү жеп салат. Айрыкча азыр миң сүйүүң болсун, акчаң болбосо ал талкаланат. Ошондуктан мен ыр жазган кыздарга жетпей эле калганыма сүйүнөм", — деди акын.