БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Казак өкмөтү Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков президент Нурсултан Назарбаев менен жолукпаганын, ошол эле учурда аларга өлкө башчы кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма бербегенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
"Сочи шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алкагында Казакстандын президенти Кыргызстандын премьер-министри менен жолуккан эмес. Болгону Исаков өлкө башчынын жанына келип сүйлөшкөн. Ал сүрөт Исаковдун Facebook баракчасына жарыяланган", — деп айтылат казак өкмөтү тараткан билдирүүдө.
Андан сырткары, маалыматта "Казакстандын президенти чек арада жаралган абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берди" деген маалымат дагы чындыкка коошпой турганы жазылган.
Белгилей кетсек, 11-октябрда кечинде КР өкмөтү премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу маалымат бергенин билдирген. Сүйлөшүүдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буйрук бергени маалымдалган.