https://sputnik.kg/20171007/kazakstandyn-timi-atambaevge-zhoop-berdi-1035618025.html
Казакстандын ТИМи Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды
Казакстандын ТИМи Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти ишемби күнү Казакстандын айрым бийлик бутактарынын аракеттерине нааразы пикирин билдирген 07.10.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-10-07T19:43+0600
2017-10-07T19:43+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103442/84/1034428403_0:329:3937:2543_1920x0_80_0_0_0efa2b0d89770930be4269556530810b.jpg
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103442/84/1034428403_0:0:3499:2624_1920x0_80_0_0_00cfd223f3435d877af377c6a3f64267.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, азия, дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, казакстан, алмазбек атамбаев, тим
кыргызстан, азия, дүйнөдө, жаңылыктар, саясат, казакстан, алмазбек атамбаев, тим
Казакстандын ТИМи Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды
19:43 07.10.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстандын президенти ишемби күнү Казакстандын айрым бийлик бутактарынын аракеттерине нааразы пикирин билдирген
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ишемби күнү айткан билдирүүсүнө каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Казакстандын аталган ведомствосунун маалымат кызматы кабарлады.
7 Тогуздун айы 2017, 20:27
Кыргызстандын башчысы ишемби күнү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде эмне үчүн казак бийлиги Кыргызстанга "дал ушундай жетекчилерди таңуулайт" деп президенттикке талапкерлердин бирин жана анын тарапташтарын атады. Атамбаев бозгунда жүргөн Курманбек Бакиев тууралуу айтып, казак бийлиги аны "жакшы көрөрүн" билдирген.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Атамбаевдин мындай билдирүүсү эки дос мамлекетке карата айтылбашы керектигин билдирген.
"Кыргызстандын президентинин шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз, мазмуну боюнча чагымчылдык жана жалган айткан сөздөрү көп кылымдардан бери келе жаткан эки элдин достугуна доо кетириши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле казак тарап эки өлкөнүн достук мамилесин өнүктүрүүгө ар дайым болгон күчүн жумшай турганы маалыматта белгиленген.