Кадамжай районунун Патхоз айылынын тургуну Райхан Салиева сөөлжан багып биогумус өндүрөт. Алектенген иши тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
Сөөлжандын бул түрүн ал Америкадан алдырган. Алгач 1 миллион даана сөөлжан болсо учурда алардын саны миллиардга жетти.
"Биоорганикалык өсүмдүк өстүрүү үчүн биогумустун ролу чоң. Ал эми жер семирткичтин бул түрүн сөөлжандын жардамы менен гана алууга болот. 1980-жылдары Америкадан кызыл сөөлжан алдыргам. Бул жаныбардын салмагы 2 граммды түзөт. Жумасына 28 эсеге көбөйүп жатат. Бул жандык 50 жыл жашайт", — деди Салиева.
Анын айтымында, сөөлжан темир, таш, пластик жана синтетикадан башка калдыктардын баарын жейт. Аны кайра иштетип биогумус чыгарат.
Ал биогумус өндүрүүнү өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну пландаштырууда. Учурда фермердин Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында биогумусту өндүрүүчү филиалдары бар.
"Жер семирткичтин аталган түрүн өндүрүү үчүн техниканын деле кереги жок. Бирок суу көп талап кылынат. Мисалы, мен узуну 24, туурасы 2, ал эми тереңдиги бир метрди түзгөн жердин айланасын бетондоп койгом. Бул жердеги сөөлжандарга күн сайын эки маал суу берем. Бир жарым айда биогумус даяр болот. Анын килограммын он жети сомдон сатам", — деди фермер.
Ал мындай жер семирткичти сатуудан 350 миң сомго чейин киреше табат.