БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун эл аралык жана жергиликтүү маанидеги бир катар жолдору оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда аталган министрлик 2018-2022-жылдар аралыгында аткара турган долбоорун иштеп чыгууда. Анын алкагында Түп — Кеген автоунаа жолу толугу менен бүтүрүлүп, "Хан-Теңир", "Жеңиш" чокуларына, "Каракол" паркы менен аэропортуна кеткен 30 чакырымдай жол оңдолот.
Андан сырткары, Ысык-Көл, Каракол эл аралык аэропортторунун инфраструктурасын жакшыртуу каралган.