БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Түндүк Корея Японияны көздөй үч баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Пхеньян ракеталарын 26-август күнү Канвондо провинциясынын Киттэрен айылында 250 чакырым аралыкка учуруп, алар Япониянын экономикалык аймагын көздөй багытталганы айтылат.
Мындай аракеттерге Токио тез арада жооп берип, аскерий аракеттер өлкө коопсуздугу үчүн эч кандай коркунуч жаратпаганын айтып чыкты.
"Өлкө аймагындагы экономикалык аймакка ракета түшкөн жок", — деди Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга.
Мындан кийин Сеул дагы өзүнүн улуттук коопсуздук кеңешин чакырып, өлкөнүн аскерий коргоонуусунун даярдыгын текшерген.
Ал эми Пхеньян ракеталар "Сонгун күнү" майрамынын урматына учурулуп, ага өлкө башчысы Ким Чен Ын катышкандыгын кабарлашты.