БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп трансгендерлердин армияда кызмат өтөөсүнө расмий тыюу салды. Бул тууралуу өлкө башчынын колу коюлган меморандумга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Трамп трансгендерлердин кызмат өтөөсү армиянын натыйжалуулугун кыскартарын, чыгымдарды көбөйүп, иш ыраатын буза турганын белгилеген.
"Меморандум Пентагого өз каражатынан жоокерлердин жынысын өзгөртүү боюнча операцияларды каржылоого тыюу салат. Мындан тышкары, АКШнын Куралдуу күчтөрүндөгү трансгендерлер менен мындан аркы мамиле кандай болорун аныктоо милдеттендирилет", — деп жазылат билдирүүдө.
Ар кандай маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин жынысын өзгөртүп алган жоокерлер кызмат өтөп келет.
Тийиштүү мыйзам 2018-жылдын 23-мартынан баштап күчүнө кирет.